(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:48
Күн чыгышы
08:28
Бешим
13:11
Аср
16:14
Шам
17:57
Куптан
19:35

Манас районунун имамдары 2018-жылга карата жаңыча иш пландарды иштеп чыгууну көздөшүүдө

Muftiyat.kg/ 26-декабрь/ Манас районунун имамдары 2017-жылдын декабрь айындагы иштеринин  отчетторун тапшырышып, өтүп бара жаткан жылга саресеп салышты. Муну менен катар жетишкендиктер жана кемчиликтер талкууланып, 2018-жылга карата пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Ал эми Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон кызматташтыкты  күчөтүү талабын коюп, имамдардын сунуш-пикирлерин кабыл алды.