(Биз ага) "Эй Яхия, Китепти (тактап айтканда Тооратты) бекем кармагын" (дедик) жана ага наристе чагында дааналык бердик.

Намаз убактысы

Багымдат
06:20
Күн чыгышы
07:55
Бешим
13:15
Аср
16:54
Шам
18:38
Куптан
20:12

Талас облусунун казысы 86 жашка келген Таластын мурдагы казысы Сатылган ажы Баетовду зыярат кылып, ал абалынан кабар алды

Muftiyat.kg/ 27-декабрь/ Талас обласунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыяттын жалпы эмгек жамааты Талас облусунун экс-казысы Сатылган ажы Баетовду зыярат кылышып, ал жайынан кабар алышты. Учурда Сатылган ажы Баетов 86 жашка келсе дагы Ислам дининин баалуулуктарын жайылтып, жаштарга акыл-насаатын айтып келет. Ал эми казыяттын эмгек жамааты экс-казысы Сатылган ажы Баетовго өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын алып кайтышты.

Эскерте кетсек, 1990-жылдан 1996-жылга чейин Талас облусунун казысы болуп Добул молдо эмгектенсе, 1996-жылдан 2006-жылга чейин Сатылган ажы Баетов казылык кызматты аркалаган. Ал эми 2006-жылдын апрель айында  Сатылган ажы Баетов өз каалоосу менен казылык кызматын Таалайбек ажы Бапиевге өткөрүп берген.